Өмүркулов өкмөттү эмнеге кетиргендигин айтты

19-Апр. 2018, Бейшемби, 16:11

КСДП башында турган көпчүлүк коалиция тараган жок. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңеште өткөн депутаттык жыйында КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

Анын айтымында, КСДП башында турган көпчүлүк коалиция тараган жок жана өкмөттүн отставкага кетишин көпчүлүк коалиция колдоп, өздөрүнө жоопкерчиликти алып жатат.

«Каерде жазылыптыр, өкмөттүн курамын түзгөн көпчүлүк коалиция өкмөткө ишеним көрсөтпөйт деп. Мындай нерсе регламентте жок. Биз эле эмес, баары көрүп жатат, бүгүн ар бирибизге каттар келип, телефон чалуулар болуп жатат. Мына ушундай кырдаалда биз өз позициябызды көрсөтпөсөк болбойт. Биз шайладык деп өкмөттүн көзүн карап отуралыбы? Ошондуктан биздин чечим ушундай болду. Кыргыз тарыхында ишеним көрсөтпөй өкмөттү кетирип жатабыз»,- деди Өмүркулов.

«Коалиция тараган жок. Ким кошула турган болсо, сунушту карайбыз. Ал эми жаңы коалицияда жоопкерчилик чоң. Биз өкмөттү кетирип, жоопкерчилик алып жатабыз. Ошондуктан кийинки өкмөттү сапаттуу кадрлардан шайлайлы»,- деп кошумчалады ал.

Айта кетсек, бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө парламенттеги азчылыктын сунушун көпчүлүк коалиция колдогон. Анын жыйынтыгында президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык өкмөт отставкага кетти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!