Сапар Исаков батирдин ачкычын тапшырды (фото)

19-Апр. 2018, Бейшемби, 19:09

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сапар Исаков бүгүн, 19-апрелде, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылындагы 1937-1938-жылкы репрессия курмандыктарынын жашырылган жайы тууралуу алгач маалымдаган жаран Бүбүйра Кыдыралиевага батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага караганда, Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу учурдагы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинин ордунда репрессия курмандыктары массалык түрдө жашырылгандыгына бала кезинде күбө болгон Бүбүйра Кыдыралиеванын жасаган ишинин тарыхый маанисин белгиледи.

Ошондой эле Сапар Исаков ага чың ден-соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалады.

Бишкек шаарынын «Туңгуч» кичи районунда жайгашкан жаңы батирге Бүбүйра Кыдыралиеваны калаа башчы мэри Албек Ибраимов коштоп келди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!