Жаштар аллеясында музыкалык аспаптар орнотулду (видео)

21-Апр. 2018, Ишемби, 11:45

Бишкек шаарында биринчи жолу көчө музыкалык аспаптары орнотулду.

Музыкалык аспаптар борбор калаанын Жаштар аллеясына жайгаштырылды.

Жаштар аллеясына орнотулган музыкалык аспаптар глюкофон, трубофон, ксилофон жана ковбелло деп аталат. Аспаптардын бардыгы жыгач жана колдонуудан чыккан темир буюмдарынан жасалып, экинчи өмүргө ээ болду. Шаардыктар үчүн бул белек Бишкектин 140 жылдыгынын алкагында "Жаштарды өнүктүрүү институту" жана Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги менен биргеликте жасалды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!