Кыргызстан менен Палестина туризм багытында кызматташат

21-Апр. 2018, Ишемби, 13:47

Бүгүн 21-апрелде Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Палестина мамлекетинин өкүлдөрү менен жолукканын маалымат кызматы кабарлады. Палестина мамлекетинин Тышкы иштер министринин орун басары Мазен Шамия маданият, маалымат жана туризм багытында кызматташуу сунушу киргизилди.

Ал Кыргызстандан аталган мамлекетке келген туристтер аз экенин белгилеп, Жумагуловду өз мекенине коноктоп кетүүгө чакырып, кызматташууга дайым даяр экенин айтты. Аларды күзүндө Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына катышып өз маданиятын көрсөтүп, конок болуп кетүүгө чакырды.

Ошондой эле жолугууга Өзбекстан Республикасында жана Орто Азия боюнча толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Мохаммад Таршахани, дипломат Лина Хамдан, Орто Азия жана Өзбекстандагы Палестина мамлекетинин экинчи катчысы Бишер Аль Арадж болушту.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!