Баңгизатка шектелген адам кармалды

21-Апр. 2018, Ишемби, 13:53

2018-жылдын апрель айында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнө Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Ош облусунун аймагына мыйзамсыз түрдө баңги каражаттарын сатуу максатында сактап жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшүп, алынган ыкчам маалыматтын негизинде 2018-жылдын 17-апрель күнү Араван районунда, Ош облусунун Кара-Суу районунун 1976-жылы туулган У. Ш. аттуу тургуну кармалганын ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.

Анда, Араван РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси менен кылмыш иши козголуп, козголгон кылмыш иштин алкагында 2018-жылдын 19-апрель күнү Араван райондук сотунун токтомунун негизинде кармалган жарандын жашаган үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү жүргүзүү учурунда үйдүн бөлмөсүнөн баштыкка салынган төрт даана сары скотч менен оролгон кара-күрөң түстөгү өзгөчө апийимдин жыты бар зат табылып алынган. Экспертизанын корутундусу менен алынган зат 4 килограмм 670 грамм салмактагы "апийим" баңгизаты болуп чыккан. Учурда шектүү катары кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, баңги каражат алынган булактары жана аталган кылмыш ишине тиешеси бар жарандардын өздүгүн тактоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!