”Окуган бала-гүлдөгөн Кыргызстан” долбоору башталды

21-Апр. 2018, Ишемби, 14:28

Бишкек шаарында Курманжан-Датка эстелигин алдында ”Окуган бала-гүлдөгөн Кыргызстан” долбоору башталды.

КР Маданият, маалымат жана туризм министринин атынан Улуттук маданий борбордун башчысы Тургунбай Алдакулов чыгып сөз сүйлөдү.

Иш-чаранын негизги максаты – билимге, руханий байлыкка жана маданиятка жол ачкан китеп окууга балдардын жана чоңдордун кызыгуусун арттырып, бул багытта ата-энелердин маанилүү ордун көрсөтүү жана патриотизм, адам өмүрүнүн баалуулугу, табият менен адам баласынын бирдиктүүлүгү идеяларын илгерилетүү. Иш-чара 21-27-апрелге чейин уланат.


Уюштуруучулар: КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, ЮНИСЕФ, АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Кыргыз Республикасындагы АКШнын элчилиги, "Ага-Хан" фонду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!