Мухаммедкалый Абылгазиев вицелердин милдеттерин белгиледи

24-Апр. 2018, Шейшемби, 10:37

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөтүнүн мүчөлөрү жана өлкөнүн административдик ведомство жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлгөн кеңешмеде вице-премьер-министрлердин жоопкер болгон негизги багыттарды белгиледи. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Тактап айтканда, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов инвестиция, агроөнөр жай комплекси, реалдуу сектор, аймактык өнүктүрүү маселелерин көзөмөлдөйт.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков укук коргоо органдарынын ишин, чек ара кызматташтыгы, өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле ЕАЭБ жана КМШ алкагындагы интеграция маселелерин координациялайт.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өлкөнүн социалдык блогун көзөмөлдөйт.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров финансы-экономикалык жана фискалдык саясат маселелерине жоопкерчилик алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!