Көпчүлүк коалиция талапкерди жактырды

24-Апр. 2018, Шейшемби, 14:53

Жогорку Кеӊештин көпчүлүк коалициясы презиндент тарабынан Башкы прокурорлукка сунушталган Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде парламенттин басма сөз кызматы кабарлашты.

Парламенттик көпчүлүк коалициясынын башчысы Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлиги Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйынында карала турганын, ошондон улам талапкер менен кеӊири ой-пикир алышуу максатында, көпчүлүк коалициясынын бул жыйыны шашылыш чакырылганын белгиледи.

Депутаттар Башкы прокуратуранын башкы милдети өлкөдө мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл кылуу экенин, коррупцияга каршы күрөшүү чараларын тескей турганын талапкердин эсине салып, башкы прокурорлукка дайындалып калса, өз милдетине жоопкерчилик менен карап, мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөлдү күчөтүүгө, ал эми кадр тандоо маселесинде алардын адистик деӊгээлине өзгөчө көӊүл бурууга тийиш экенин белгилешти.

Андан тышкары, эл өкүлдөрү прокуратура органдарын жалпы эле кылмыштуулукка, анын ичинде коррупциялык жосундарга каршы күрөшүү чараларын жакшыртуу жаатында кыргыз парламенти менен биргелешип иш алпарууга чакырды. Өткүрбек Жамшитов кандай кырдаал болбосун жасалган кылмышты көзжаздымда калтырбай, мыйзам алкагында тийиштүү чараларды көрүүгө, бул багытта депутаттар менен биргелешип иштешүүгө убада берди.

Талапкердин көӊүлүн экономикалык кылмыштардын өсүп баратканына бурган депутат Рыскелди Момбеков «өзара соодалашуу» жолу менен токтоп калган кылмыш иштерин кайра жандандыруу зарылдыгын белгиледи. «Талас аркылуу ун, күйүүчү май, жер семирткич сындуу контрабандалык товарлар агылып кирүүдө, бирок тийиштүү чаралар көрүлбөйт, кылмыш иши козголбойт», - деди ал.

Ал эми депутат Акылбек Жапаров акыркы мезгилде мамлекеттик органдар менен прокуратура органдарында ири өлчөмдөгү пара менен кармалган кызматкерлер арбып баратканын, аларды мурдагы өкмөт башчысы менен башкы прокурордун командасындагы адамдардан арылтуу зарылдыгын белгиледи.

Талапкер башкы прокурорлукка дайындалып калса, коррупцияга каршы күрөштү дароо баштап, 10-15 күн аралыгында Коопсуздук кеӊешинин талаптарын аткаруу боюнча координациялык жыйын өткөрүп, күрөштүн негизги багыттарын аныктай бурганын, ошого жараша алгылыктуу чаралар көрүлө турганын билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган кызматты аркалып келген Индира Жолдубаева тагылган милдеттерди жетиштүү деңгээлде аткарган жок деген жүйө менен президент Сооронбай Жээнбеков 10-апрелде Жогорку Кеңешке аны кызматтан бошотуу боюнча сунуш киргизип, депутаттар президенттин сунушун 11-апрелде колдогон. 13-апрелде президенттин жарлыгына ылайык Индира Жолдубаева башкы прокурор кызматынан бошотулган.

Ал эми бул кызматка сунушталып жаткан талапкер Өткүрбек Жамшитов Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган. 42 жашта. Жогорку билимдүү. 1996-жылы Улуттук университеттин юридика факультетин «юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн. Ал буга чейин Жалал-Абад облусунун прокурору болуп турган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!