"Манас" эпосуна арналган майрам өттү

26-Апр. 2018, Бейшемби, 12:59

Бишкекте Исхак Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинде “Манастын урпактары” аттуу элдик фестиваль өттү.

Университеттегилер билдиргендей, бул фестиваль кыргыз элинин тарыхый мурасы болгон ”Манас” эпосуна арналган.

Фестивалдын максаты кыргыз элинин мурастарын жайылтуу, студенттерди кыргыз элинин маданияты менен тааныштыруу жана студенттер арасында “Манас”эпосун изилдеп кеңири жайылтуу.

Фестивалдын жүрүшүндө төмөнкү номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталды; көркөм окуу, улуттук аспаптарда ойноо, элдик искусство (элдик ыр, улуттук аспаптын коштоосу жандуу үн менен аткаруу), улуттук бий - “Манас” эпосунан театрлашкан кыргыз бийи.

Андан сырткары элдик оюндар: тогуз коргоол, аркан тартыш, чүкө, жаа атуу жана кыргыз күрөш.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!