29-апрелде маршруттук каттамдын багыты өзгөрөт (схема)

28-Апр. 2018, Ишемби, 12:15

29-апрелде жургүнчү ташыган коомдук транспорттордун багыты өзгөрөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады. Ага караганда, Бишкек шаарынын 140 жылдык мааракесин белгилөө мааракесине караштуу Чүй, Манас проспектилери менен Киев жана Байтик Баатыр көчөлөрнүн айрым тилкелери жабылат.

Коомдук транспорт унаалары төмөндөгү көчөлөр аркылуу жүрөт:

— Токтогул көчөсү аркылуу (чыгыштан батышты карай): №211, 212, 216, 219, 220, 224, 225, 227, 240, 243, 254, 258, 260, 264, 269 маршруткалар жана №42, 38, 7 автобустар.

— Фрунзе көчөсү аркылуу (батыштан чыгышты карай): №103, 104, 107, 108, 111, 129, 134, 135, 136, 137, 138, 139, 143, 148, 166, 172, 179, 185, 211, 212, 213, 216, 220, 222, 224, 227, 240, 258, 264, 260 маршруткалар.

— Москва көчөсү (батыштан чыгышты карай): №122, 164, 170, 199, 122, 225, 243 маршруткалар, ошондой эле №42, 38, 7 автобустар жана №2, 3, 7 троллейбустар.

— Жибек Жолу аркылуу (эки багыт боюнча): №203 каттамдагы маршрутка.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!