ЕККУнун баш катчысы Абылгазиевге жолугушууга ынтызар

2-Май 2018, Шаршемби, 10:58

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун баш катчысы Томас Гремингер премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди Өкмөт башчы кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ал өз сөзүндө, Кыргызстан ЕККУга мүчө-өлкө катары жогору баага ээ болгон мамлекет бойдон калып, көптөгөн глобалдык коопсуздук чакырыктарынын алкагында ЕККУ жалпы аймагындагы туруктуулукка жана кызматташтыктын чыңдалуусуна жана уланышына үмүттөнөрүн билдирген.

Ошондой эле, ал 22-23-майда Кыргызстанга карай сапарым орун аларын жана ЕККУ жана Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн жагымдуу кызматташтыкты чыңдоо максатында Абылгазиев менен жолугушууга ынтызар экенин айткан.

“Сиздин жетекчилигиңиз астында биз учурдагы өз-ара пайдалуу мамилелерди келечекте улантабыз деген ишенимдемин.

Сиз Элчи Пьер фон Аркс жетектеген анын ишенимдүү командасы иш алып барган Бишкектеги ЕККУ Программалык кеңсесинин колдоосуна таянсаңыз болот деп ишендирип кетем.

Үстүбүздөгү жылы ЕККУнун Кыргызстанда иш алып баруусуна 20 жыл толгондугу белгиленет жана мен Сиздин көптөгөн жылдар бою пайдалуу ролду ойноп келген Кеңсенин ишин колдоого алууну улантып кетээриңизге ишенем”, – деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!