17 жаштагы мектеп окуучусу өз жанын кыйды

2-Май 2018, Шаршемби, 17:32

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Көк-Арт айылындагы мектеп окуучусу асынып каза болду. Бул тууралуу Кара-Кулжа районунун билим берүү бөлүмүнөн тастыкташты.

Өз жанын кыйган 17 жаштагы М.М. Көк-Арт айылындагы Жутан Субанов атындагы орто мектептин 11-классында окуган. Ал 30-апрелде кечки саат 21:30дар чамасында үйүндөгү мал короого кирип асынып өз жанын кыйган.

“Окуучунун жансыз денесин 1-май күнү эртең менен атасы короого кирип көрүп калган. Эмне себептен өз өмүрүн кыйгандыгы тууралуу азырынча белгисиз. Учурда укук коргоо кызматкерлери тарабынан окуучунун өлүмүнүн себептери иликтенип жатат. Бул тууралуу жакынкы күндөрдө толук маалымат беребиз”,-деп билдиришти билим берүү бөлүмүнөн.

Өз өмүрүн кыйган окуучунун атасы аталган мектепте мугалим болуп эмгектенип келген.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!