Президент Конституция күнү менен куттуктады

5-Май 2018, Ишемби, 11:28

Кыргыз Республикасынын Президенти Cооронбай Жээнбеков мекендештерибизди Конституция күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун текстин өзгөртүүсүз беребиз:

«Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгы менен куттуктайм.

Мындан чейрек кылым мурда 1993-жылдын 5-майында эгемендүү Кыргызстандын Баш мыйзамы кабыл алынганы мамлекетибиздин соңку тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калды.

Көз карандысыз Кыргызстандын Баш мыйзамы – өлкөдөгү мыйзамдуулукту сактоонун башкы кепилдиги.

Кыргызстан – укуктук мамлекет. Биздин өлкөдө мыйзамдан улук, бийик жана ыйык эч нерсе жок. Өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоо карапайым жарандан тартып өлкө башчысына дейре бирдей болууга тийиш. Адам укугу, эркиндиги, кадыр-баркы жана адам баалуулуктары бекем сакталган мамлекеттин келечеги кең болот.

Жарандардын конституциялык укуктарын коргоо мамлекет үчүн артыкчылыктуу милдеттердин бири болууга тийиш.

Конституция күнү – жарандарыбыздын эркиндигинин, жаратман жана бейпил эмгектин, мамлекетибизди бекемдөөнүн, адилеттүү жана калыс коом куруунун майрамы. Бул күн бизди мыйзамды урматтоого, адам укуктарын баарынан бийик кастарлоого, келечек муун алдында зор жоопкерчиликти сезүүгө үндөп турат.

Майрамыңыздар менен! Кыргызстаныбыздын келечеги кең болсун!»

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!