Жээнбеков Назарбаев менен эмнени сүйлөштү?

5-Май 2018, Ишемби, 14:38

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну жана эки мамлекеттин Президенттери Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында өз ара кызматташууну бекемдөө маселелерин дагы талкуулашкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!