6-май күнү темир жол өтмөгү жабылат

5-Май 2018, Ишемби, 15:32

Оңдоо иштерине байланыштуу борбор калаадагы Асаналиев (мурунку Некрасов) көчөсүндө жайгашкан темир жол өтмөгү 6-май күнү саат 10:00дөн 16:00гө чейин убактылуу жабылат .Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

"Убактылуу бул ыңгайсыздык темир жол өтмөгүндө оңдоп-түзөө иштеринен улам жаралууда", — деп жазылган маалыматта.

Оңдоо иштерине байланыштуу 103, 107, 127, 133, 134, 135, 136, 161, 176, 222, 227, 260, 270, 281 номурундагы маршруткалар убактылуу Жаш Гвардия бульвары менен айланып жүрөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!