Абылгазиев Ош облусуна жумушчу сапары менен барат

7-Май 2018, Дүйшөмбү, 10:27

Бүгүн, 7-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жалал-Абад облусуна сапарынын алкагында өкмөт башчы «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык комплексинин ачылыш салтанатына катышат, ошондой эле Жалал-Абад шаардык №6 орто мектебинин курулушунун жүрүшү менен таанышат.

Ош облусунда Абылгазиев Ана-Кызыл тилкесинин, Ачы, Кең-Сай массивдеринин өздөштүрүлүшү жана андагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышат.

Мындан тышкары, премьер-министр Араван-Сай дайрасына салынган жаңы көпүрөнүн ачылышына катышып, андан соң 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин абалынан кабар алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!