Абылгазиевдин кортежи кырсыкка кабылды (фото)

8-Май 2018, Шейшемби, 11:11

7-майда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди коштоп жүргөн кортеждеги "Toyota Land cruiser 200” жана “Lexus LX 570” автоунаалары кырсыкка учурады. Бул маалыматты Turmush басылмасы жазып чыкты.

Кырсыктан жабыркаган адамдар болгон эмес.

Эскерте кетсек, премьер-министр Абылгазиев өзүнүн алгачкы иш сапарын Ош жана Жалал-Абад облустарынан баштаган болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!