ТЭЦ: ЖКга Сатыбалиев, Сариев жана Исаков келди

10-Май 2018, Бейшемби, 14:33

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Бишкектин Жылуулук электр борборундагы кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу угуу үчүн учурда депутаттар жыйынга чогулуду.

Жогоруда аталган маселе боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов баяндама жасап жатат.

Жыйынга экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев келген.

Айта кетсек, бүгүн эртен менен депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов комиссиянын корутундусун күн тартибине киргизүүнү сунуштап, ал Жогорку Кеңештин төрагасынан саат 14.00гө ЖЭБди модернизациялоого тиешеси бар адамдарды жыйынга чакырууну суранган.

Анын айтымында, комиссиянын корутундусу 30 барактан турат. Ага экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев жана Жоомарт Оторбаев башында турган модернизацияга жооптуу деп табылган аткаминерлердин тизмеси дагы киргизилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!