Жээнбеков Путинге эмне максатта жолугат?

Жээнбеков Путинге эмне максатта жолугат?
11-Май 2018, Жума, 10:29

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Сочи шаарында 14-майда өтүүчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда президенттик аппараттан кабарлашты.

Жыйындын жүрүшүндө Биримдиктин алкагында соода-экономикалык аракеттенишүүнүн актуалдуу маселелери жана ошондой эле эл аралык кызматташуу жана Евразиялык аймактагы мындан аркы интергациянын маселелери талкууланат.

Жыйында Евразиялык экономикалык комиссия Кыргызстандын Биримдиктин алкагында эки жылдык ишмердигинин негизги натыйжаларын чагылдырган “Кыргыз Республикасы: Евразиялык экономикалык биримдиктеги эки жыл. Биринчи натыйжалар” аттуу докладды сунуштайт.

Ошондой эле Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун, ошондой эле евразиялык аймакта интеграциялык аракеттенишүүнү алдыга жылдырууну талкуулоо пландалууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!