ЖЭБге 386 млн доллар кандай шарттар менен алынган?

ЖЭБге 386 млн доллар кандай шарттар менен алынган?
11-Май 2018, Жума, 14:48

Кечээ, 10-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Бишкектин Жылуулук электр борборундагы кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу талкуулап жатканда экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ЖЭБди модернизациялоо үчүн алынган 386 миллион доллар кандай шарттар менен алынганын айтып берди.

“Бүгүн дагы ЖЭбге кредит алыш керек болчу. Ошонун негизинде реконструкция кылыш керек. Бул жөнүндө маселе жок. Биздин бардыгыбызды ойлондуруп жаткан алынып келген акча максаттуу пайдаландыбы же жокпу? Бул башка маселе. Эгер өзүбүздө акча болсо анда тендер өткөрөт элекда. Баасы да башкача болмок. Бирок, биз алган Кытай Эл Республикасынан алган кредит байланыштуу кредит деп коет. Алар бизге шарттарын коюп кредит берип жатат. Биздин подрядчиктер, биздин товар жана биздин кызмат болот деп. Болбосо сиздер кредит албай эле коюңуздар деп. Ошон үчүн аталган шарттардын негизинде кол коюлган”,- дейт Сатыбалдиев.

Бишкек ЖЭБ чырын талкуулаган жыйынга корутундуда аты жазылган мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев, Сапар Исаков, мурдагы Каржы министри Ольга Лаврова жана башка мамлекеттик кызматкерлер катышты. Жыйында аталган маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын чыгарган корутундусуна саясий баа берилчү, жоопкерчилигин карап көрө турган 30дай кишинин аттары жазылып, ал Башкы прокуратурага жана башка күч түзүмдөрүнө берилери айтылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!