Жээнбеков Сочиде Путин менен жолугушту

Жээнбеков Сочиде Путин менен жолугушту
14-Май 2018, Дүйшөмбү, 18:28

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия президенти Владимир Путин менен Сочи шаарында эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Кремлдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өткөн жолугушууда тараптар социалдык-экономикалык жана маданият тармагындагы эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык тууралуу талкуу өткөрдү.

Айта кетсек, бүгүн 14-майда Сочи шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт. Жыйында Биримдиктин алкагында соода-экономикалык өз ара аракеттенишүүнүн актуалдуу маселелери, Евразиялык мейкиндикте мындан ары интеграциялоо маселелери талкууланат. Мындан тышкары алдыда Жээнбеков Армения премьер министри Никол Пашинян менен да жолугаары күтүлүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!