Жээнбеков: "Россия менен кызматташтыкты чыңдай беребиз"

Жээнбеков:
12-Июнь 2018, Шейшемби, 16:51

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путинге Россиянын күнүнө байланыштуу куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда президенттик аппараттан кабарлашты.

«Россиянын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө Декларациясы кабыл алынган күндөн тартып өлкө мамлекеттик курулуш, социалдык-экономикалык өнүгүү жана элдин турмушун жакшыртуу боюнча олуттуу ийгиликтерге жетише алды.

Сиздин акылман жана тең салмактуу саясатыңыздын натыйжасында бүгүнкү күндө Россия эл аралык аренада кадыр-баркка ээ жана күчтүү держава болуп саналат.

Кыргызстан эки өлкө ортосундагы союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө, ошондой эле евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди бекемдөөгө артыкчылыктуу маани берет.

Биздин элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн Кыргызстан менен Россиянын ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты биргелешип улам чыңдай беребиз деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Президент Владимир Путинге чың ден-соолук, бакубатчылык жана алдыга коюлган пландарды ишке ашырууда мындан аркы ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Россия элине — тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Эскерте кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков 14-июнда Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча иш сапар менен Москвага барат. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Москвада 14-июнда футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат. Ошондой эле Жээнбеков менен Путиндин эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулаган эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жалган кызматкери кармалды
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жалган кызматкери кармалды
Европага визалар кымбаттады
Европага визалар кымбаттады
Жээнбеков:
Жээнбеков: "Ар бир район борборунда 3 км жолго асфальт төшөлөт"
Путиндин кабылан кармаганын жазгандар сыйлык алды
Путиндин кабылан кармаганын жазгандар сыйлык алды
Богокко таасир эткен тамак-аштар?
Богокко таасир эткен тамак-аштар?
Үйлөнгөндөн кийин эркектер эмнеге салмак кошот?
Үйлөнгөндөн кийин эркектер эмнеге салмак кошот?
Баңгизатты мыйзамсыз ташуу маселеси талкууланды
Баңгизатты мыйзамсыз ташуу маселеси талкууланды
Айзада Тыныбекова:
Айзада Тыныбекова: "Инстаграммдан көп акча табууга болот"
Сурабалдиева: Силер эмне уктап жатасыңар?
Сурабалдиева: Силер эмне уктап жатасыңар?
Кара-Сууда 2 жеңил унаа кагышып, 4 адам жаракат алды
Кара-Сууда 2 жеңил унаа кагышып, 4 адам жаракат алды
Муздуу сууда сүзгөндөр бактылуубу? (видео)
Муздуу сууда сүзгөндөр бактылуубу? (видео)
Жаңы конуштардын активисттери үчүн тренинг өткөрүлдү
Жаңы конуштардын активисттери үчүн тренинг өткөрүлдү
 Кыргызстандын жана Түркиянын ички иштер министрлери жолугушту
Кыргызстандын жана Түркиянын ички иштер министрлери жолугушту
Саламат Садыковадан жаңы ыр “Бул өмүр!” (видео)
Саламат Садыковадан жаңы ыр “Бул өмүр!” (видео)
​Нурмагомедов ММА мушкери Жорж Сен-Пьерди мелдешке чакырды
​Нурмагомедов ММА мушкери Жорж Сен-Пьерди мелдешке чакырды
Назира Айтбекова: Аял сүйбөгөн адамынан тукум улагысы келбейт
Назира Айтбекова: Аял сүйбөгөн адамынан тукум улагысы келбейт