Жантөрө Сатыбалдиев камакка алынды

Жантөрө Сатыбалдиев камакка алынды
19-Июнь 2018, Шейшемби, 10:08

18-июнда Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүгүндө жана 303-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышка шектүү катары экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда Жантөрө Сатыбалдиев УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө камак жайына киргизилди.

Эскерте кетсек, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында экс-премьер-министр Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев камакка алынган. Үчөө тең Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("коррупция") менен айыпталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!