Сатыбалдиев тергөө бүткүчө камакта калды

Сатыбалдиев тергөө бүткүчө камакта калды
21-Июнь 2018, Бейшемби, 09:43

Экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиев тергөө бүткүчө камакта калды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, 20-июнда Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге “Бишкек ЖЭБ Модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6- бөлүмүндө (кылмышка шериктеш болуу) жана 303-беренесинин 1-бөлүмүндө (коррупция) каралган кылмыш белгилери боюнча айып тагылган.

Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын карап, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына тергөө аягына чейин кармоо чечимин чыгарды.

Сатыбалдиев сот залына кирип баратып, өзүнө тагылган айыпка макул эместигин билдирди:

- Мен эч качан өзүмдү күнөөлүү деп эсептебейм. Мунун баары ойдон чыгарылган нерсе.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!