Жолдошбаев: 10 млн сом берем. Мекеним үчүн жаным курман!

Жолдошбаев: 10 млн сом берем. Мекеним үчүн жаным курман!
21-Июнь 2018, Бейшемби, 11:54

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Камчыбек Жолдошбаев мамлекетке 10 миллион сомго чейин акча которууга даяр. Бул тууралуу “Азия-Ньюс” гезитине берген маегинде билдирди.

"Иш алды кылып миллион сом берем. Бул да чек эмес. Демилгем колдоо таап кетсе, бул сумманы 10 эсе көтөрүп, он миллион сом берип коем. Мекеним үчүн жаным курман! Кытайларга элибизди, жерибизди бергиче, акчасын беришибиз керек! Бул ишке президент, Жогорку Кеңеш, премьер-министр киришүүсү ажеп",-деген ал маегинде.

Эскерте кетсек, депутат буга чейин бай адамдар өз ара акча чогултуп, Кытай мамлекетинен алган насыядан кутуулуну сунуштаган. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекетке өз каалоосу менен жардам беребиз дегендерге “атайын эсеп” ачылып жатканын билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!