УКМК атайын ачылган эсепке дагы 13,3 млн сом төктү

УКМК атайын ачылган эсепке дагы 13,3 млн сом төктү
16-Июль 2018, Дүйшөмбү, 09:54

2018-жылдын 12-июлунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул жылдын 22-июнундагы № 298-токтомуна ылайык Каржы министирлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү 13,3 млн. сом өлчөмүндөгү акча каражат которулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызмат коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы 109,2 млн. сомду түзгөн.

Буга чейин коррупциядан түшкөн 95,9 миллион сомду атайын ачылган эсепке которгонун маалымдаган.Жаңы кабыл алынган токтомго ылайык, атайын ачылган эсепке УКМК, ИИМ, Финансы полициясы коррупциядан түшкөн акчаларды которуп турат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө түшкөн акчалай каражаттарды топтоо үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койгон

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!