Каржылык келишимдер ратификацияланды

Каржылык келишимдер ратификацияланды
1-Авг. 2018, Шаршемби, 17:06

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын/Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катын ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 1-августа президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 28-июнда кабыл алынган.

Бул программаны ишке ашыруунун алкагында 2014-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасы, КРдагы Швейцария элчилиги, Немис өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (МАР) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумуна кол коюлган. 2012-2018-жылдарга «Ден соолук» программасын ишке ашырууга донорлордун салымы: КРдагы Швейцария кызматташуу бюросу — 11,96 млн. $ АКШ; Дүйнөлүк банк –13,5 млн. $ АКШ (мунун 55% — кредит, 45%- грант); Немис өөнүктүрүү банкы — 16 млн. евро. Бөлүнгөн каражаттардын 50% (21 млн. $ АКШ) Мамлекеттик кепилдиктер программасы (ПГГ) боюнча бюджетти колдоого багытталган.

Эл аралык Реконструкция жана өнүктүрүү банкынын 2017-жылдын 22-мартындагы катына ылайык КРнын Финансы министрлигине юридикалык документтерге айрым бир өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушталган. Долбоорду иштеп чыгуунун максаты төмөндөгүдөй өзгөртүлөт: «КРнын саламаттык сактоосун реформалоо боюнча "Ден соолук" Улуттук программасынын алкагында эне жана баланын ден соолугун коргоо үчүн сапаттуу кызматтардын көрсөтүлүшүн жакшыртууга көмөк көрсөтүү».

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!