Сууга чөккөн адамга тез жардам көрсөтө аласызбы? (видео)

Сууга чөккөн адамга тез жардам көрсөтө аласызбы? (видео)
2-Авг. 2018, Бейшемби, 10:12

Жай мезгили келгенден тартып 58 адам сууга чөгүп каза болду. Бул албетте аянычтуу көрсөткүч. Эс алуучулардын көбү сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик деңгээлде биле беришпейт. Сууда жүрүүнүн эрежелери кандай? Сууга чөккөн адамга кандай тез жардам көрсөтүү керек? Бул суроого Өзгөчө кырдаалдар министри жооп берет:

Сууга түшүүнүн узактыгы абанын жана суунун температурасына, нымдуулукка жана шамалдын күчүнө көз каранды. Сууга түшүү үчүн эң жакшы шарт – ачык, шамалы жок 25 С жана андан ашык температурадагы аба ырайы. Ошондой эле сууга түшүүнү 18 С ден баштаса болот.
Пляжды ачуу куткаруу кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте түзүлгөн атайын комиссиянын текшерүүсүнөн кийин гана уруксаат кылынат.
Балдардын сууга түшүү учурундагы коопсуздугунун жоопкерчилиги сууда сүзүү жана куткаруу боюнча инспекторго жүктөлөт.
Ысык уруу
Организмди ысык уруу көп убакытка чейин суу, көл жээктеринде, кайыктын бортунда, катерде күндөн калкаланбай жүрүүнүн натыйжасында болот. Ушундан улам дененин нормалдуу температурасы бузулуп, баш тегеренүү, көңүл айнуу, кускусу келүү байкалып адамдын жалпы абалы начарлайт. Тез-тез дем алып температура +40…+41 градуска чейин көтөрүлөт. Мындай абал кээ бир убакта эсин жоготуу менен коштолот.
Жабырлануучунун кийимин женилдетип, эркин дем алуусуна шарт түзүп, бетине жана төшүнө муздак компресс коюу керек.
Сууга түшүүдөгү тарамыш түйүлүү, карышуу
Мындай абал сууда түшүп жатканда гана эмес, башка убактарда деле туура эмес. Кескин кыймыл жасоолордо байкалат. Тарамыш түйүлүү, карышуу булчундарга күч келүүдө, үшүп калууда же ашыкча эмоцияга алдырганда кармайт. Эгер сууга түшүп жатканда тарамыш түйүлсө коркпостон терең дем алып, башты сууга чумкутуп, денени бош таштап, суу үстүндө калкуу керек. Андан сон, сүзүүнүн кыймылын өзгөртүп, бутка күч келтирбей кол менен иштөө керек.
Колдун манжаларын күч менен тезинен муштум кылып кысып, колду эки тарапка кескин кыймыл менен сунуп муштумду жазыныз.


Биринчи жардам көрсөтүү
Жабырлануучу суудан чыкандан кийин биринчи жардамды көрсөтүү керек.
Жабыркаган адамды жээкке жеткиргенден кийин, анын абалын баамдайбыз.
Эгер жабыркаган адам аң-сезими менен болсо, анда аны кургагыча сүртүп, жылуу имаратка киргизип, ысык чай, кофе берүү сунуш кылынат.
Эгер сууга чөккөн адам бир нече убакыттан кийин чыгарып, ошондой эле деми кысылып (асфиксия), клиникалык өлүм абалында болсо дароо дарыгерди чакыруу керек.
Убакытты жоготпостон, дарыгер келгенге чейин дароо биринчи жардам көрсөтүүгө киришүү керек. Жабырлануучуну чечиндирип, оозу — мурдундагы массаны, кумду тазалап, жаактарынын арасына таякча (жыгачтын бөлүгү же бекем оролгон бет аарчы ж.б.) коюп, өпкөгө жасалма дем алдырууну баштоо керек.
Анык чөгүп кеткенде, жабыркаган адамды көмкөрөсүнөн куткаруучунун астына коюп, тез-тез силкүү менен көкүрөгүнөн басышат (10-15 секунд аралыгында) андан кийин аны чалкасынын жаткырышат.
Эгер, жабыркаган адамдын тиштери карышып калган болсо, оозун ачуу үчүн төмөндөгү ыкмаларды колдонуу керек:
— колдордун жардамы менен, астынкы жаакка колду коюп ачуу;
— санитардык сумкадагы кеңейткичтин, же болбосо кандайдыр бир жалпак катуу нерсени (кашык, таякча ж.б.) жардамы менен.
Кээ бир учурда жаакка жасалган жигердүү массаж да оозду ачууга өбөлгө болот. Жабыркаган адамдын ооз көңдөйүн жана мурдун тазалап алгандан кийин, карын жана өпкөдөгү сууларды чыгаруу үчүн, жабыркаган адамды көмкөрөсүнөн куткаруучунун астына коюп, аркасынан далысын көздөй күч менен кагуу керек.
Жабыркаган адамды куткаруу станциясына жеткиргенден кийин дагы, реанимация иш-аракеттерин улантуу кажет. Жасалма дем алдырууну убактысынан мурда токтотуп коюу каталыгы да көп кездешет. Жабыркаган адамдын убактылуу дем алуу кыймылдарынын калыбына келиши, анын өпкөсүнүн иштеши толугу менен калыбына келди дегенди түшүндүрбөйт. Ошондундуктан, жабыркаган адамдын сезими жок болот же өпкөсү жабыркайт. Мындай учурда дем алуунун ритми мүнөтүнө 40 жолу согуудан аз болсо, жасалма дем алдырууну улантуу зарыл.
Жардамды тез аранын ичинде, үзгүлтүксүз, ырааттуу, тартиби менен көрсөтүү керектигин унутпоо зарыл.
Сууга чөккөн адамдын денесинин жылуулугун тез жоготушу, анын температурасынын дээрлик төмөндөшүнө алып келет. Ошондуктан, жабыркаган адамды муздак жерге жаткырбоо керек. Жыгач досканын же жыгач калкандын үстүнө жаткырып, суу болгон кийимдерин чечиндирип, терисин кургактап сүртүп, жылуу шейшеп же жуурканга ороо керек.
Кургактап сүртүүнү улантуу менен бирге ысытуучу каражаттарды да, (уксус, нашатырь спирти) колдонсо болот.
Асфиксия учурунда куткаруучунун кыймыл-аракеттери өзгөчө жигердүү болууга тийиш.
Организмдеги кандын туура эмес айлануусуна шарт түзбөө үчүн, жабыркаган адамды грелка же жылуу бөтөлкө менен жылытууга болбойт.
Бардык куткаруучу жабдуулар эл көп түшкөн аймактагы щитте жайгашышы керек.
Кокус кырсык болуп жаныныздагы адам сууга чөгүп кетсе, аны алып чыккандан кийин 6 мүнөттүн ичинде өмүрүн сактап калса болот.
Жай мезгилинде жагымдуу эс алып, бөөдө кырсыктардан сак болунуздар!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!