Көчмөндөр оюндарына акысыз билет таркатылбайт

Көчмөндөр оюндарына акысыз билет таркатылбайт
2-Авг. 2018, Бейшемби, 10:18

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 1-августта III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов уюштуруу маселелери, объекттердин курулушу жана коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады.

Өкмөт башчы белгилегендей, чакырылган катышуучулардын жана мелдештин конокторунун санын эске алуу менен алдыдагы оюндарды жогорку деңгээлде өткөрүү маанилүү болуп саналат.

«Кетирилген кемчиликтер үчүн министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери жеке жоопкерчиликти алышат», – деп баса белгиледи Абылгазиев.

ДКО катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов оюндарга билеттерди сатуу жагдайы тууралуу билдирди.

«Бүгүнкү күнү билеттер үч шаарда: Бишкек, Ош жана Чолпон-Атада сатылууда. Ошондой эле каалоочулар билет сатып алууга мүмкүн болгон расмий мобилдик тиркеме ишке киргизилди. Учурда III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш салтанаттарына үч миңге жакын билет сатылды», – деп маалымдады ал.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына билеттер бардыгы үчүн бирдей шарттарда сатылат. Билеттерди сатуу гана жүргүзүлөт, жарандардын белгилүү бир категориялары же чиновниктер үчүн акысыз негизде таркатуу пландалган жок. Бул калыс мамиле, себеби демөөрчүлүк жардам иретинде каражаттарды бөлгөн чарбалык субъектилер мелдештерди уюштурууда бир кыйла салым кошушкан.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов айрыкча белгилегендей, билеттерди сатуудан түшкөн каражаттар Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду колдоого жана аны мындан ары өркүндөтүүгө жумшалат.

Эскерте кетсек, 2-8-сентябрга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына билеттердин баасы 400дөн 4 миң 900 сомго чейин турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Кытай АКШ менен соода сүйлөшүүлөрүнөн баш тартты
Кытай АКШ менен соода сүйлөшүүлөрүнөн баш тартты
Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө мыйзамга кол коюлду
Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө мыйзамга кол коюлду
Дастан Бекешев: Угуусу төмөндөр онлайн түрдө сүйлөшө алышат
Дастан Бекешев: Угуусу төмөндөр онлайн түрдө сүйлөшө алышат
Денеден жагымсыз жыт чыгарган тамактар
Денеден жагымсыз жыт чыгарган тамактар
Жеңилбес Джошуа Поветкинди нокаут менен жеңди.
Жеңилбес Джошуа Поветкинди нокаут менен жеңди.
Эгиздей окшош: жылдыздуу ата-энелер жана алардын балдары
Эгиздей окшош: жылдыздуу ата-энелер жана алардын балдары
​Мектептердин 67 пайызы интернетке кошулган
​Мектептердин 67 пайызы интернетке кошулган
Баланын мурдунан суу куюлуу: Аллергиябы же Вирустук оорубу
Баланын мурдунан суу куюлуу: Аллергиябы же Вирустук оорубу
Финпол: Автоунаа ташуунун көмүскө схемасы аныкталды
Финпол: Автоунаа ташуунун көмүскө схемасы аныкталды
Өзбекстан менен Казакстан биргелешип спутник курат
Өзбекстан менен Казакстан биргелешип спутник курат
Миллионердин кызы сэндвич жеп көз жумду
Миллионердин кызы сэндвич жеп көз жумду
Документ жасагыч
Документ жасагыч "ортомчулар" көп кездешүүдө (видео)
Сержант катардагы жоокердин жаагын сындырды
Сержант катардагы жоокердин жаагын сындырды
​Роналду ФИФАнын сыйлык тапшыруу аземине катышпайт
​Роналду ФИФАнын сыйлык тапшыруу аземине катышпайт
Астананын чиновниктери унаадан баш тартып, таксиге өтүштү
Астананын чиновниктери унаадан баш тартып, таксиге өтүштү
Арыктоо үчүн качан тамактануу керек?
Арыктоо үчүн качан тамактануу керек?