Атайын ачылган эсепке 234 млн сом топтолду

Атайын ачылган эсепке 234 млн сом топтолду
2-Авг. 2018, Бейшемби, 11:04

Коррупциялык иштер үчүн ачылган атайын эсепке 31-июлга карата 234,8 млн сом топтолду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, эсепке түшкөн каражаттын 63,3 миллион сомун Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, 111,6 млн сомду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет которгон. Ал эми Башкы прокуратура которгон каражаттын суммасы 59,6 млн сомду түзсө, Ички иштер министрлиги 533 миң сом төккөн.

Айта кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтоо үчүн эсеп ачууну буюрган. Өкмөттүн токтому менен 3-июлда Каржы министрлигинин алдында бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!