Юлия Руцкаянын атасы каза тапты

Юлия Руцкаянын атасы каза тапты
2-Авг. 2018, Бейшемби, 11:44

Беларусиянын Кыргызстандагы тунгуч элчиси Сергей Руцкий каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-августа Беларусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Руцкий 1-августта Беларусиянын борбору Минск шаарында көз жумган.

Сергей Руцкий 1992-1993-жылдары Беларусь Республикасынын Министрлер советинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү кызматын ээлеген. 1993-жылдан 1995-жылга чейин Беларусиянын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси болгон.

Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги маркумдун жакындарына жана туугандарына көңүл айтат.

Айта кетсек, элчи белгилүү ырчы, Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Юлия Руцкаянын атасы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!