Ысык-Көл облусуна өкмөт өкүлү болуп ким дайындалды?

Ысык-Көл облусуна өкмөт өкүлү болуп ким дайындалды?
2-Авг. 2018, Бейшемби, 12:08

Акылбек Осмоналиев Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августа өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Көлдөгү өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү болуп Узарбек Жылкыбаев иштеген. Жакында ал Ош облусунун администрациясынын башчысы болуп дайындалган.

Ал эми Акылбек Осмоналиев 1964-жылы 10-августта Ош облусунун Ноокат районунда төрөлгөн.

1988-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун зоотехния адистиги боюнча аяктаган.

1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

1981-1983-жылдары - Ноокат районундагы №44-жылкы заводунда катардагы жумушчу;

1988-1989-жылдары - №44-жылкы заводунда зоотехник;

1989-1992-жылдары - Ноокат агро өнөр жай бирикмесинде башкы адис;

1992-1994-жылдары - Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын референти;

1994-1995-жылдары - Ноокаттагы №44-жылкы заводунун директорунун орун басары;

1995-1996-жылдары - "Алике" дыйкан чарбасынын жетекчиси;

1996-жылдын августунан тартып Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын аппаратынын Агрардык маселелер боюнча комитетинин 1-категориядагы адиси;

1997-жылдын май айынан тартып Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын аппаратынын Агрардык маселелер боюнча комитетинин референти;

1999-жылдын январынан декабрына чейин Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын аппаратынын Агрардык маселелер боюнча комитетинин эксперти;

1999-жылдан 2000-жылдын апрелине чейин Айыл жана суу чарба министрлигинин Мал чарбасынын продукцияларын өндүрүүнү өркүндөтүү жана маркетинг департаментинин башчысы;

2000-жылдын апрелинен тартып Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын орун басарынын жардамчысы;

2004-жылдын майынан 2005-жылдын апрелине чейин өкмөттүн аппаратынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат башкармалыгынын уюштуруу иштери боюнча инспектору;

2005-жылдын апрелинен 2006-жылдын июнуна чейин Жогорку Кеңешинин Агрардык өнөр жай комплекси жана экология боюнча комитетинин, Жер пайдалануу боюнча комиссиянын ишмердигин камсыз кылуу боюнча бөлүмдүн башчысынын орун басары;

2006-жылдын июнунан 2009-жылдын январына чейин президенттин администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат секторунун эксперти;

2009-жылдын январынан тартып Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары;

2012-жылдын февраль айынан 2016-жылдын апрелинге чейин Улуттук статистика комитетинин төрагасы;

2016-жылдын апрель айынан 2017-жылдын 31-декабрына чейин өкмөттүн аппарат жетекчиси;

2017-жылдын 31-декабрында президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
ИИМ: митингге катышкан 21 жаран милицияга жеткирилди
ИИМ: митингге катышкан 21 жаран милицияга жеткирилди
Brexit боюнча 5 суроо: Эми эмне болот?
Brexit боюнча 5 суроо: Эми эмне болот?
Момбеков: Эл буларга түкүрүп жатса, булар бизге түкүрүп салды (видео)
Момбеков: Эл буларга түкүрүп жатса, булар бизге түкүрүп салды (видео)
Разаков: “Жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам ишке киргизилди
Разаков: “Жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам ишке киргизилди"
Учкуч учакка терезеси аркылуу кирүүгө аракеттенди (видео)
Учкуч учакка терезеси аркылуу кирүүгө аракеттенди (видео)
 Кан басымыңыз көтөрүлсө
Кан басымыңыз көтөрүлсө
​Инстаграмдагы эң атактуу мушкер ким: Хабиб же Конорбу?
​Инстаграмдагы эң атактуу мушкер ким: Хабиб же Конорбу?
“Коопсуз шаар” боюнча орнотулган камералардын баасы 30 миң долларбы? (видео)
“Коопсуз шаар” боюнча орнотулган камералардын баасы 30 миң долларбы? (видео)
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Депутат:
Депутат:"Калктан электрдин акысын мыйзамсыз алуу жосуну уланууда"
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Эркектер менен аялдардын психологиясы
Эркектер менен аялдардын психологиясы
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
Шайназаров:
Шайназаров:"Айдарбеков туристке айланып калды, барбаган өлкөсү калган жок"
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди