3-август: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

3-август: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
2-Авг. 2018, Бейшемби, 15:36

3-августта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30,

Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34,

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25,

Нарын дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 28…30 градуска жетет.

Ал эми 4-5-августтарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!