Европа банкы 4 миллион евро насыя берет

Европа банкы 4 миллион евро насыя берет
2-Авг. 2018, Бейшемби, 16:04

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну жана "Чыгышэлектр" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен "Чыгышэлектр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грантка карата гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта президенттик аппараттан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, «Чыгыш электр» ААКсы бөлүштүрүүдө 20% чейин жеткен өтө көп жоготууларды кошкондо төмөн эксплуатациялык мүнөздөмөгө ээ, ошондой эле эски жабдуунун иштөөсүнүн техникалык мөөнөтү аяктагандан кийин да иштешине байланыштуу үзгүлтүктөр көп. Аба чубалгыларынын көбү 1960-1970-жылдары аз чыңалууга ылайыкталып курулуп, учурдун талаптарына жооп бербейт.

Ошол себептен 2017-жылдын 7 декабрында Кыргызстан жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда «Чыгыш электр» ААКсын жаңыртуу долбоору үчүн кредиттик жана гранттык макулдашууларга кол коюлган.

Макулдашуунун негизинде ЕРӨБ 6 млн. евро каражатын берет. Анын 4 миллиону — кредит, 2 млн. евросу — грант.

Мындан тышкары Кыргызстандын долбоорунун алкагында долбоорду ишке ашырууга жана корпоративдик өнүктүрүү программасын киргизүүгө колдоо көрсөтүү түрүндө 1 млн еврого жакын техникалык жардам көрсөтүлөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 28-июнда кабыл алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жалган кызматкери кармалды
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жалган кызматкери кармалды
Европага визалар кымбаттады
Европага визалар кымбаттады
Жээнбеков:
Жээнбеков: "Ар бир район борборунда 3 км жолго асфальт төшөлөт"
Путиндин кабылан кармаганын жазгандар сыйлык алды
Путиндин кабылан кармаганын жазгандар сыйлык алды
Богокко таасир эткен тамак-аштар?
Богокко таасир эткен тамак-аштар?
Үйлөнгөндөн кийин эркектер эмнеге салмак кошот?
Үйлөнгөндөн кийин эркектер эмнеге салмак кошот?
Баңгизатты мыйзамсыз ташуу маселеси талкууланды
Баңгизатты мыйзамсыз ташуу маселеси талкууланды
Айзада Тыныбекова:
Айзада Тыныбекова: "Инстаграммдан көп акча табууга болот"
Сурабалдиева: Силер эмне уктап жатасыңар?
Сурабалдиева: Силер эмне уктап жатасыңар?
Кара-Сууда 2 жеңил унаа кагышып, 4 адам жаракат алды
Кара-Сууда 2 жеңил унаа кагышып, 4 адам жаракат алды
Муздуу сууда сүзгөндөр бактылуубу? (видео)
Муздуу сууда сүзгөндөр бактылуубу? (видео)
Жаңы конуштардын активисттери үчүн тренинг өткөрүлдү
Жаңы конуштардын активисттери үчүн тренинг өткөрүлдү
 Кыргызстандын жана Түркиянын ички иштер министрлери жолугушту
Кыргызстандын жана Түркиянын ички иштер министрлери жолугушту
Саламат Садыковадан жаңы ыр “Бул өмүр!” (видео)
Саламат Садыковадан жаңы ыр “Бул өмүр!” (видео)
​Нурмагомедов ММА мушкери Жорж Сен-Пьерди мелдешке чакырды
​Нурмагомедов ММА мушкери Жорж Сен-Пьерди мелдешке чакырды
Назира Айтбекова: Аял сүйбөгөн адамынан тукум улагысы келбейт
Назира Айтбекова: Аял сүйбөгөн адамынан тукум улагысы келбейт