Премьер-министр Пьер фон Аркс менен жолукту

Премьер-министр Пьер фон Аркс менен жолукту
3-Авг. 2018, Жума, 11:55

Бүгүн, 3-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташтык жана Кыргызстанда ЕККУ программалык-долбоорлук ишмердигин ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

«Биз демократиялык кайта өзгөртүүлөр жана социалдык –экономикалык өнүгүү менен байланыштуу процесстерде ЕККУ тараптан колдоону ар дайым сезип турабыз. Ар түрдүү долбоорлорду ишке ашыруудагы көмөгүңүздөр жана аракеттешүүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мен биздин өлкө менен ЕККУнун ортосундагы мындан аркы кызматташуу өнүгүп жана жаңы программалык долбоорлор менен толукталарына ишенем», – деп баса көрсөттү премьер-министр.

Абылгазиев ЕККУ тарабынан терроризмге каршы аракеттенүү жана радикализм көрүнүштөрү менен күрөшүүдө жасалган колдоону, экономика, экология жана айлана чөйрөнү коргоо тармагында аткарылган зор иштерди айрыкча белгиледи.

Өкмөт башчы Ачык Өкмөтүн куруу процессинин ачык-айкындыгына басым жасады.

Премьер-министр белгилегендей, президент Сооронбай Жээнбеков жана кыргыз өкмөтү мамлекеттик башкаруунун ачык тутумун түзүү боюнча натыйжалуу иштерге багытталган.

Өз кезегинде ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс зарыл болгон көмөктү көрсөтүү менен биздин өлкөнү мындан ары да колдоого даярдыктарын баса көрсөттү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар үстүбүздөгү жылдын күзүндө электрондук бизнес жана парламентаризм боюнча иш-чаралардын түрмөгүн жогорку деңгээлде өткөрүүгө даярдык билдиришти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!