Улан Эгизбаевдин элесине арналган сынак жарыяланды

Улан Эгизбаевдин элесине арналган сынак жарыяланды
3-Авг. 2018, Жума, 13:24

"Адилет" укуктук клиникасы маркум журналист Улан Эгизбаевдин жаркын элесине арнап, журналистика тармагында окуган студенттер үчүн сынак жарыялады.

Сынакка катышуучулар Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектелиши, эркин ой темасында маалыматтык-аналитикалык материалдарды (эссе, видеоматериал, очерк ж.б.) кыргыз же орус тилинде даярдашы керек. Мыкты жазган авторго 34 500 өлчөмүндөгү акчалай сыйлык ыйгарылат.

Сынак үчүн материалдар 1-сентябрга чейин кабыл алынат.. Мыкты жазылган макаланы тажрыйбалуу журналисттер, медиа-эксперттер жана юристтерден турган комиссия аныктайт. Көрсөтүлгөн убакыттан кечиккен материлдар каралбайт.

Бул демилгенин максаты – сөз эркиндигинин азыркы кырдаалына кайдыгер карабаган, келечекте журналистиканын оң жагына өзгөрүшүнө, өлкөнүн, коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүнү каалаган жаштарды шыктандыруу болуп саналат.

“Улан Эгизбаев, өз кесибинин жаркын өкүлү - жаш, эрктүү болчу. Ал көп учурда калктын аялуу адамдардын чыныгы жашоосу тууралуу сөз кылчу, ыңгайсыз темаларды сүйлөөдөн корккон эмес. Ал болгону 28 жашта болчу. Жаш курагына карабастан кесибине, ошондой эле өлкөнүн өнүгүшүнө баа жеткис салым кошо алды”, - деп айтылат "Адилет" укуктук клиникасы тараткан маалыматта.

Материлдарды b.osmonbaev@gmail.com электрондук дарегине же “адилет” укуктук клиникасынын дарегине электрондук форматта жөнөтсө болот.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!