Инвестициялык лоттор даярдалат

Инвестициялык лоттор даярдалат
3-Авг. 2018, Жума, 13:47

Жерлерди трансформациялоо жана электр энергиясына кошуу маселелерин чечүү максатында даяр базалык инфраструктураны жана зарыл болгон уруксат кагаздарын камтыган инвестициялык лоттор даярдалат. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешмеде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, 2,8% деңгээлинде экономикалык өсүүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү максатында, бизнес жүргүзүү шарттарын мындан аркы жакшыртуу жана инвестицияларды тартуу – өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктардан болуп саналат.

«Кыргыз экономикасына өз каражаттарын салууга даяр ишкерлер көбүнесе бюрократиялык убаракерчиликке жана чечимдерди кабыл алууга жооптуу аткаминерлердин кайдыгерлигине кабылышат. Инвесторлор менен иштөө мамилесин өзгөртүү керек. Мамлекеттик органдар инвесторлорго ар кандай бөгөттөрдү койбостон, бардык жактан колдоо көрсөтүүлөрү кажет. Инвесторлор үчүн иштөөгө тоскоолдук кылган чиновниктер менен биз өкүнүүсүз кош айтышабыз», – деди ал.

Боронов билдиргендей, өкмөт инвестициялык климатты жакшыртуу максатында бир катар маанилүү чараларды иштеп чыкты.

Ошентип «Инвестициялар жөнүндө» мыйзамга инвесторлор үчүн кепилдиктерди күчтөндүрүү, инвестициялык лотторду түзүү, инвесторлор үчүн бирдиктүү терезени киргизүү, кирешени кайра инвестициялоо салыгынан бошотуу жана башка өзгөртүүлөр даярдалды.

Ошону менен бирге инвестициялык ишмердикке тоскоолдук жараткан жана инвесторлордун мүлкүнө зыян келтирген жактарды жазалоо чараларын күчтөндүрүү пландалууда.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга жакынкы мезгилдерде баштала турган инвестициялык долбоорлор боюнча инвесторлордо келип чыккан маселелерди карап чыгып, ыкчам тартипте чечүү тапшырылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!