Бишкек шаарынын Иса Ахунбаев көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов проспектисинен Бакаев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштеринен кийин ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ахунбаев көчөсүнүн бул бөлүгү 3-июлда оңдоо иштери үчүн жабылган болчу.