4-август: күндүн табы 36 градуска жетет

4-август: күндүн табы 36 градуска жетет
3-Авг. 2018, Жума, 16:46

4-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34,

Талас жергесинде түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29,

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34,

Баткен өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36,

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,

Нарын дубанында түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +31…+33 градуска жетет.

Ал эми 5-6-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, секундасына 1-6 метрге жетет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!