"Гавайиде" эс алуучуларды жылан чакты деген маалымат жалган

3-Авг. 2018, Жума, 18:58

«Гавайи» эс алуу борборунда пайда болгон жылан боюнча маалымат так эмес. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгы кошумчалагандай, "«Гавайи» эс алуу жайында жылан адамдарды чагып алды" деген маалымат да окуяга дал келбейт.

Эске сала кетсек, айрым маалымат булактары эс алуу жайында жыландар пайда болуп, адамдарды чагып кеткендиги жөнүндө видео тараган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!