ИДПнын өсүшү 0,1 пайызды түздү

ИДПнын өсүшү 0,1 пайызды түздү
4-Авг. 2018, Ишемби, 11:01

Жыл башынан бери ИДПнын өсүшү өткөн жылга салыштырмалуу 0,1 пайызды түздү. Бул тууралуу кечээ, 3-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөттүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, 2018-жылдын январь-июнунда ИДПнын көлөмү 213,6 млрд сомду түзүп, өсүш өткөн жылга салыштырмалуу 0,1% түзгөнүн жана "Кумтөр" кенин кошпогондо өсүш 2,1% болгон. Орточо жылдык инфляция 102,3%ды түзгөн.

«Экономикалык өсүш дээрлик бардык секторлордо байкалат. Айыл чарбасы боюнча аба ырайынын жагымсыз шарттарына жана күйүүчү-майлоочу материалдардын дүйнөдө кымбаттап кеткенине карабастан өсүш 1,6% болду. “Айыл чарбасын каржылоо-6” долбоору боюнча 6 айдын ичинде республикалык бюджеттен 4,7 млрд сом бөлүндү. Айдоо жерлери 1214,9 миң гектарды түзүп, 7,8 миң гектарга көбөйгөн», – деди Премьер-министр.

Ал ошондой эле билдиргендей, өнөр жайдагы дүң продукция 108,7 млрд сомго өндүрүлгөн.

«Курулуш секторунда дүң продукция көлөмү бардык каржылоо булактарын кошкондо 46 млрд сомго каржыланды. Кыргызcтан дүйнөнүн 118 өлкөсү менен соода-экономикалык байланыштарды жүргүзөт. Экспорт 681 млн АКШ долларын, импорт – 2,1 млрд АКШ долларын түздү», – деп ырастады Абылгазиев.

Өкмөт башчынын айтымында 2018-жылдын 1-августуна карата республикалык бюджеттин киреше бөлүгү боюнча, атайын каражаттарды кошпогондо 78,1 млрд. сом план коюлган, аткарылышы – 79,3 млрд сом жана өткөн жылга салыштырмалуу өсүш 6,1% түздү.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!