Быйыл 104 жаңы социалдык объект курулууда

Быйыл 104 жаңы социалдык объект курулууда
4-Авг. 2018, Ишемби, 11:12

Быйыл билим берүү менен саламаттыкты сактоо жаатында учурда 104 жаңы объект курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта өкмөттөн маалымдашты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маалымдагандай, быйыл билим берүү менен саламаттыкты сактоо жаатында учурда 104 жаңы объект курулуп жатат.

«Бүгүнкү күнү 19 объекттин курулушу аяктаган. 1-сентябрга чейин дагы 35 объект, анын ичинде Өзгөн, Чоң-Алай, Лейлек райондорунда өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыркагандардын ордуна салынган 16 объект ишке берилет», – деди Премьер-министр жана Өкмөттүн ишмердигиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири «Түндүк» тутумун киргизүүнү аягына чыгаруу жана «Акылдуу шаар» долбоорунун бир бөлүгү «Коопсуз шаарды» ишке ашыруу экенин белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!