Абылгазиев: Билим берүү системасын өзгөртүү керек

Абылгазиев: Билим берүү системасын өзгөртүү керек
4-Авг. 2018, Ишемби, 11:48

Быйыл билим берүүгө бюджеттен былтыркы жылга салыштырмалуу 27 пайызга көп каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу кечээ, 3-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн жыйынында билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

«Азыр республикалык бюджеттин 18,3 пайызы билим берүүгө жумшалат. Эгерде 2012-жылы билим берүүгө 21,6 млрд. сом бөлүнгөн болсо, 2018-жылы бул сумма 29,7 млрд. сомго чейин көтөрүлгөн же 27%га көбөйгөн. “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча 2 938,4 млн сом бөлүнгөн, ошол эле учурда күндөлүк оңдоо иштерине жыл сайын республикалык бюджеттен 100 млн. сомдун тегерегинде каражат жумшалат. Быйылкы жылы республикалык бюджеттин эсебинен 78 билим берүү объекти курулган», - деди өкмөт башчы.

Ошону менен бирге Абылгазиев айрыкча белгилегендей, билим берүү тармагын каржылоо жылдан жылга көбөйгөндүгүнө карабастан, эл аралык изилдөөлөрдүн маалыматтары боюнча билим берүү сапатынын төмөндөшү байкалууда.

«PISA эл аралык изилдөөлөрүнүн 2009-жылдагы жыйынтыгы көрсөткөндөй, билим сапаты боюнча Кыргызстан 65 өлкөнүн ичинен акыркы орунду ээлеген. INDEX маалыматында, илим-изилдөө активдүүлүгү боюнча биздин өлкө 131-орунда турат. Атамекендик жогорку окуу жайлары алдыӊкы 1000 университеттердин арасына бир да жолу кирген эмес. Демек, өлкөнүн билим берүү системасына тез арада заманбап нуктагы концептуалдуу өзгөртүүлөрдү киргизүү кажет», – деди премьер-министр.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!