Өлкөдө 73 бала бакчанын имараты максатсыз пайдаланылат

Өлкөдө 73 бала бакчанын имараты максатсыз пайдаланылат
4-Авг. 2018, Ишемби, 13:42

Республикада 2-7 жаштагы балдардын саны 50 миңдей, аларды бала бакча менен толук кандуу камсыз кылуу үчүн 600гө жакын бала бакчага муктаждыгы бар. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Премьер-министр билдиргендей, Өкмөттүн программасынын алкагында өлкөнүн бардык мектептерин быйылкы жылы Интернетке кошуу милдети артыкчылык катары коюлган.

«Муну менен бирге 30 инновациялык мектеп ишке киргизилет. Белгилей кетүүчү жагдай, өлкөдө мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги курч байкалат. Республикада 2-7 жаштагы балдардын саны 50 миңдей, аларды бала бакча менен толук кандуу камсыз кылууда 600гө жакын бала бакчага муктаждык бар. Ошол эле учурда 73 бала бакчанын имараты максатсыз пайдаланылып жатат. Аларда мамлекеттик органдар, жеке менчик окуу жайлары, башка мекемелер жайгашкан. Балдарыбыздын бала бакчага барып, тиешелүү тарбия жана билим албай жатканы Өкмөттүн чоң катачылыгы деп эсептейм», – деп баса белгиледи Өкмөт башчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!