Өкмөт башчы Токтогул ГЭСине барат

Өкмөт башчы Токтогул ГЭСине барат
4-Авг. 2018, Ишемби, 14:57

Бүгүн, 4-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы Токтогул ГЭСин жана Камбар-Ата 2-ГЭСин калыбына келтирүү жана реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышып, ошондой эле Таш-Көмүр, Шамалды-Сай жана Үч-Коргон гидроэлектрстанцияларына барат.

Ошону менен бирге премьер-министр дыйкандар менен жолугушуп, Бишкек-Ош жолунун тилкесинде болот жана Б.Рысбеков атындагы оорукананын медициналык кызматкерлери үчүн салынып, учурда куруу иштери токтоп турган турак үйдүн абалы менен таанышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!