Бардык мектептер интернет менен камсыздалат

Бардык мектептер интернет менен камсыздалат
4-Авг. 2018, Ишемби, 15:27

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдөгү бардык мектептерди интернет менен камсыз кылууну тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, кечээ, 3-августта өкмөттүн жыйында өкмөт башчы мындай тапшырманы берген.

«Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин республиканын бардык мектептерин Интернетке кошуу зарыл. Бул маселе боюнча милдеттерди алган Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети аларды кынтыксыз тартипте аткарууга тийиш», – деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, эгерде окуу жылынын башталышына карата мектептердин 80% Интернетке кошулса, анда жыл аягына чейин камсыздоо 100% болушу керек. Мектептерди интернет менен камсыздоо боюнча тийиштүү иштер белгиленген мөөнөттө так бүткөрүлүүсү шарт.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева маалымдагандай, мамлекеттик мектептердин жалпы санынан 1451 мектеп же 67% Интернет менен камсыздалган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!