Дем алыш күндөрү аба ырайы кандай болот?

Дем алыш күндөрү аба ырайы кандай болот?
4-Авг. 2018, Ишемби, 15:46

5-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36,

Талас жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +29…+34,

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37,

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29,

Нарын дубанында түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +32…+34 градус ысык болот.

Ал эми 6-августта жана 7-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. 7-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп күн күркүрөшү күтүлөт. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!