Быйыл жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги “ZAMAN Кыргызстан” маалымат агентигине билдирди.
Айта кетсек, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата жана аймактарды өнүктүрүү жылына байланыштуу бул күнү мектептерде маданий иш-чаралар уюштурулат.
Быйылкы жаңы окуу жылы 5 күндүк болгондуктан, 1-сентябрь ишемби күнгө туш келгендиктен, балдар 4-сентябрда окуп башташат. Себеби өкмөттүн чечими менен 5-майдагы майрам көчмөндөр оюнуна байланыштуу 3-сентябрга которулган.
Эскерте кетсек, буга чейин окуу жылын балдардын ден-соолугуна байланыштуу 10-сентябрда башталсын деген Жогорку кеңештин депутаттарынын сунушу киргизилген. Бирок талкуудан кийин бул сунуш четке кагылган. Окуучулар мурдагыдай эле 1-сентябрдан баштап окуп башташат.