Жээнбеков Путинге көңүл айтты

Жээнбеков Путинге көңүл айтты
6-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 10:23

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путинге Красноярск крайында Ми-8 тик учагынын трагедиялуу кыйрашынан улам көп адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта президенттик аппараттан билдиришти.

«Красноярск крайында Ми-8 тик учагынын трагедиялуу кыйрашынан улам көп адамдардын курман болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстандын элинин жана өз атымдан каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтуумду жеткирип коюуңузду өтүнөм. Орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз»,-деп белгиленет мамлекет башчысынын телеграммасында.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!