Ысык-Көлдө "Карагат" фестивалы өттү

Ысык-Көлдө
6-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 12:21

Чолпон-Ата шаарынын Темировка айылында 4-август күнү «Карагат» фестивалы болуп өттү. Бул фестивалга Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова, Бактыбек Турусбеков, Максат Сабиров жана “АВЕП” коомдук фондунун директору Нурлан Токонов катышты.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Монолдоров: “Фестивалдын негизги максаты-карагатты Ысык-Көлдүн брендине айландыруу жана инвесторлорду тартуу”,-деди.

Аталган фестивалга өлкөнүн ар кайсыл аймактарынан келген коноктор жана чет элдик туристтер катышты. Фестивалдын алкагында айыл тургундары карагаттан жасалган түрдүү продукцияларды жарманкеге коюшту.

“Белгилүү болгондой долбоор негизинен 2013-жылы башталып, үч жылга пландашылган эле. Үч жылдын аралыгында долбоордун өзүнүн алдына койгон максаттары 100 пайыз толугу менен аткарылбаса дагы дээрлик 90 пайыз жетишкендиктер болду”,-деп билдирди иш-чаранын жүрүшүндө “АВЕП” коомдук фондунун директору Токонов.

Айта кетсек, “Карагат” долбоору Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн сунушу менен ушуну менен 4-жылы ишке ашырылып, долбоордун жемиштүү жыйынтыгы азыркы учурда көзгө көрүнө баштады. Польша мамлекетинен импорттолуп алынып келген карагаттын сорттору жергиликтүү аймакка жакшы байыр алып, өнүп көктөп кетүү көрсөткүчү 98 пайызды түзгөнүн фестивалды уюштуруучулар белгилешти.

“Мен 2013-жылдан бери карагат өстүрөм. Карагат өстүрүүнүн түйшүгү аябай көп. Жылына тапкан кирешебиз 200-300 миң сом болот. Польшадан анын "Рондом", "Тисел", "Тибен" сыяктуу сорттору келген. Биздин карагаттардын диаметри 11 мм болсо Польшадан келген карагаттардын диаметри 17.18 мм болот экен. Биздин бир түп карагаттан 1 чака алсак, булардан ошол эле бир түптөн эки чака карагат алабыз”,-деди багбан Бактыбек Жаныбеков.

Кийинки жылы “Карагат”фетсивалы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өтөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!